Connect with us

Шакиев парламенттеги фракция жана топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 279 | 0
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү.

Жыйында мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын ишке ашырууда парламенттик фракциялардын ролу маанилүү экени белгиленип, анын ичинен катчылыктардын ишин илгерилетүү маселеси айтылды.

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттар эл өкүлү катары калктын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнүн чечилишин жана тийиштүү мыйзамдардын аткарылышын толук көзөмөлгө алышы керектигин белгилеген.

«Андыктан тармактык комитеттердин жана фракциялардын алкагында бардык маселелер кеңири талкууланышы кажет. Бул үчүн депутаттарды комитеттерге бөлүштүрүүдө тармакка тиешелүү тажрыйбасын эске алуу шарт», – деди ал.

Ошондой эле фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын ишин да күчтөндүрүү зарылчылыгына токтолду.

Жогорку Кеңеште «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан», «Ыйман Нуру» фракциялары жана «Элдик», «Мекенчил» депутаттык топтору иш алып барат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM