Connect with us

Бүгүн активист Атай Бейшенбек уулунун соту болот

Кыска кабар | 25 Окт 2022 | 530 | 0

Бүгүн, 25-октябрь саат 10:30да жарандык ативист Атай Бейшенбек уулу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башкы тергөө бөлүмүнө алып келинет. Андан соң Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Атай Бейшенбек уулунун соту болот. Жекшембиде анын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, ошол эле күнү ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалып, 48 саатка камалган.

Атай Бейшенбек уулу «Кемпир-Абадды коргоо» комитетине мүчө болгон эмес, бирок ар дайым Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча түзүлгөн келишимдин долбоорун коомчулукка ачык көрсөтүүнү талап кылып келген.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «айрым адамдардын массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган. Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган саясатчы жана жарандык активисттердин кечээ Биринчи май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 20 адам эки айга камалган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM