Биз менен байланышыңыз

Калктын каржылык сабаттуулугуна кам көрүлөт

Коом , Экономика | 24 Окт 2022 | 920 | 0

Бүгүн өлкөдө финансылык чечимдерди туура кабыл алуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана каражат топтоо маданиятын калыптандыруу максатында кампания башталды. Анын алкагында жумалыкка катышкан уюмдар тарабынан финансылык сабаттуулук боюнча 170тен ашык иш-чараны өткөрүү пландалууда. Ага бардык каалоочулар катыша алат.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда 2015-жылдан бери жыл сайын белгиленет. Быйыл 30га жакын уюм катышат. Алардын ичинде Улуттук банк, финансылык мекемелер, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка мекемелер бар.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдиргендей, кампанияга катышкан жарандардын финансылык сабаттуулук жана каражат топтоонун ыкмалары тууралуу акысыз маалымат алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Кампания 24-октябрдан 31-октябрга чейин өтөт.

«Кампания калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга арналган жана анын жүрүшүндө ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Атап айтканда, ачык эшик күндөрү, финансы мекемелерине, Улуттук банктын нумизматикалык музейине экскурсияга баруу, жаштар жана чоңдор үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар жана сабактар, интерактивдүү оюндар, ар кандай акциялар, сынактар, финансы жарманкеси жана башка көптөгөн иш-чаралар өткөрүлөт. Мында катышуучулар каражат топтоонун ыкмалары жана түрлөрү жөнүндө, каражат топтоонун ийгиликтүү эрежелери, аманаттардын коргоо системалары жана финансылык сабаттуулук боюнча көптөгөн пайдалуу маалыматты ала алышат».

Адистер каражат топтоо – бул инвестиция жумшоо жана капиталды көбөйтүүгө, өз ишин ачууга, келечекте финансылык пландарды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышат.

Улуттук банктын Депозиттерди коргоо агенттигинин коомчулук менен байланыш жана маалымдоо бөлүмүнүн менеджери Анара Айтыкеева кампаниянын алкагында аймактарда мектеп окуучуларынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында ар кандай сынактар ​​өтөрүн кабарлады.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө катышкан уюмдар тарабынан 170тен ашык иш-чара өткөрүлөт.

«Сүрөт, кагаз жана пластилинден жасалган кол өнөрчүлүк боюнча сынак уюштурдук. Ошондой эле студенттер үчүн банктарда ачык эшик күндөрү өткөрүлөт. Мындан тышкары, жогорку окуу жайлар жана банктар үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча көчмө лекцияларды өткөрөт. Быйыл агенттик калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу үчүн депозиттерди коргоо системасы боюнча лекцияларды окуу үчүн бардык аймактардан 7 окутуучу-тренерди кабыл алды. Ошондой эле быйылкы жылы депозиттерди коргоо боюнча 100 миң буклет таратылат».

Кыргызстан бул күндү белгилөөгө Германиянын Шпаркасс фондунун жана Улуттук банктын демилгеси менен кошулган.

Шпаркасс фондунун өлкөдөгү өкүлү Динара Абакирова 2019-жылы Кыргызстанда калк арасында каражат топтоо боюнча изилдөө жүргүзүлгөнүн айтты.

Ошондой эле ал Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө бир канча максаттарды ишке ашырууга багытталганын кошумчалады.

«Калктын акча топтоо жүрүм-турумун изилдөө үчүн 2 миң үй чарбасы арасында изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн натыйжасында калк арасында каржы секторуна ишеним бар экендиги болду. Сактоолордун негизги түрлөрү банктардагы депозиттер же мал чарбачылыгына инвестициялоо. Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөө бир нече максаттарды ишке ашырууга багытталган. Алар калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, жыйымдарды мобилизациялоо, каржы секторуна болгон ишенимди арттыруу, каржы кызматтарына болгон жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана экономикалык өсүшкө көмөктөшүү».

Улуттук банктын маалыматына караганда өткөн жылы коммерциялык банктардын депозиттик базасынын жалпы көлөмү 34,4%га өсүп, 242,9 млрд сомду түздү. Бул жеке адамдардын депозиттери 16 ,7%га, ал эми юридикалык жактардын депозиттери 58,6%га көбөйгөн.

Бул көрсөткүч быйылкы жылдын башынан бери 286,4 млрд сомду түзүп, 15,4%га өстү.

Ал эми «Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүн» өткөрүү идеясы 1924-жылдын октябрь айында Италиянын Милан шаарында өткөн сактык бактарынын биринчи эл аралык конгрессинде пайда болгон. Конгресстин акыркы күнү 31-октябрь Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү катары жарыяланган.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM