Биз менен байланышыңыз

Бишкекте камактагы активисттерди колдоо акциясы өттү

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 542 | 0

Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте саясатчы, активисттердин массалык кармалышына каршы жөө жүрүш уюштурулду.

Катышуучулар темир жол вокзалынын жанына чогулуп, Борбордук аянтка чейин «Куугунтук токтосун!», «Кемпир-Абад биздики!» деген ураандарды айтып, басышты.

Андан кийин  президент Садыр Жапаровго камалгандарды бошотууга чакырган кайрылуу жолдошту.

Ички иштер министрлиги тарабынан 23-октябрда 21 саясатчы жана жарандык активист кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын маалыматына караганда, 20 адам 48 саатка кармалып, Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларга киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM