Бүгүн, 24-октябрда Бишкекте саясатчы, активисттердин массалык кармалышына каршы жөө жүрүш уюштурулду.
Катышуучулар темир жол вокзалынын жанына чогулуп, Борбордук аянтка чейин «Куугунтук токтосун!», «Кемпир-Абад биздики!» деген ураандарды айтып, басышты.
Андан кийин президент Садыр Жапаровго камалгандарды бошотууга чакырган кайрылуу жолдошту.
Ички иштер министрлиги тарабынан 23-октябрда 21 саясатчы жана жарандык активист кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди.
Анын маалыматына караганда, 20 адам 48 саатка кармалып, Бишкектеги жана Чүйдөгү убактылуу кармоочу жайларга киргизилген.