Биз менен байланышыңыз

Президент дипломатиялык кызматкердин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 24 Окт 2022 | 373 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда өлкөнүн дипломатиялык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда бекем ден соолук, кажыбас кайрат, иштерине жетишкендиктерди каалаган.

«Азыркы учурдагы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар тутумуна олуттуу таасирин тийгизүүдө. Дүйнө мурда калыптанып калган тартипке коркунуч келе турган бир башаламан процесске кирди. Эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсыздануусунун белгилери ачык байкалууда, коопсуздукка жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда. Ушундай татаал шарттарда Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк коомчулук сыяктуу эле дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого өз күч-аракетин багыттуу жумшап жатат. Ушуга байланыштуу негизги роль алдыңкы катарда турган дипломатиялык кызмат органдарына – сиздерге жүктөлгөн. Өлкөгө чет элдик инвестицияларды тартуу, соода-экономикалык кызматташтыктын географиясын кеңейтүү жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу багытындагы сиздер жүргүзүп жаткан экономикалык дипломатия өзгөчө мааниге ээ» , — деп айтылат маалыматта.

Президент ошондой эле Кыргызстандын дипломатия кызматынын бардык кызматкерлерине Ата Мекенге ак кызмат кылуу жолундагы бардык кадамдарына ийгилик каалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM