Кыргызгидромет билдиргендей, 23-октябрда көпчүлүк аймакта жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт, айрым жерлерде жаан нөшөрлөп жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +8…+13,
Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +8…+13,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16,
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +11…+13 градус болот.