Биз менен байланышыңыз

Зеленский көпүрөнүн жарылуусун Орусиянын ички саясий тиреши менен байланыштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2022 | 739 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Крым көпүрөсүн жардырууда Украинанын тиешеси жоктугун билдирди.

«Менин маалыматым боюнча, биз буга анык буюртма берген эмеспиз», — деген Зеленский. Ал көпүрөнү жардыруу Орусиянын куралдуу күчтөрү менен атайын кызматынын ортосундагы ички тирешүүдөн улам болушу мүмкүндүгүн айтты.

«Алардын аскер кызматкерлери, атайын кызмат жана чалгындоо кызматынын ортосунда олуттуу тирешүү бар. Тагыраагы башкаруучу жана жетекчилердин саны өтө көп. Бул чоң бир система. Советтер союзу учурунда алар КГБ болчу. Азыркы тапта бир канча бөлүмдөн турат жана алардын кайсы бири негизги бөлүм экени талаштуу»,  — деп кошумчалаган Украина президенти.

Зеленскийдин бул расмий билдирүүсү Крым көпүрөсүндөгү жарылуудан кийинки алгачкы жолу берилип жатат.

Орусия тарап көпүрөнүн жарылуусун теракт деп атап, украин атайын кызматтарын күнөөлөп чыккан. Аз өтпөй Украинанын бир катар шаарына жана стратегиялык объекттерине дрондор менен чабуулун баштаган.

Крым көпүрөсү жарылып, үч адам каза болду (видео)

Copyright © 2017 Maral FM