Биз менен байланышыңыз

Казакстандагы январь окуяларына байланыштуу кармалгандарга мунапыс берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 573 | 0

Казакстанда январь айындагы башаламандыктарга катыштыгы бар делип кармалгандарга мунапыс берилиши мүмкүн. Бул тууралуу мажилис депутаты Гульнара Бижанова билдирген.

Мунапыс берүү 1500дөй адамга тиешелүү болмокчу. Мындан улам, азыр «Мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ага ылайык, 4-январдан 7-январга чейинки аралыкта массалык башаламандыкка катышып, жеңил жана өтө оор эмес кылмыш иши козголгон жарандарга карата мунапыс берилет. Ошондой эле аталган мыйзам абактан бошотулган жарандарды кайрадан коомчулукка аралаштыруу үчүн, аларга жумуш таап берүү, медициналык жардам көрсөтүү, документтерин толуктоо сыяктуу көмөк көрсөтүүнү да эске алат.

Ал эми амнистия террорист, экстремист, башаламандыктарды уюштуруучулардын башчыларына жана кыйноого алган жарандарга карата колдонулбайт. Азыркы тапта, январь айындагы окуяларга байланыштуу 1060 адам соттолуп, алардын ичинен 106сы толук эркинен ажыратылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM