Биз менен байланышыңыз

Ейск шаарындагы аскердик учак кырсыгынан каза тапкандардын саны 15ке жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2022 | 457 | 0

Орусиянын Краснодар аймагынын Ейск шаарында көп кабаттуу үйгө аскердик учак кулап, натыйжада каза болгондордун саны 15ке жетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

Окуя 17-октябрда жергиликтүү саат 18:20 чамасында болуп, анда ок-дарылар менен толук куралданган СУ-34 аскердик учагы көп кабаттуу үйдүн короосуна кулап түшкөн. Кырсыктын айынан учактын ичиндеги снаряддар жарылып кеткен.

Натыйжада 5 кабаттуу үйдүн 45 батирине зыян келип, ири өрт чыккан.

Кырсыкка аскердик машыгууга катышып жаткан учактын бир кыймылдаткычы иштен чыкканы себеп болгон. Андагв эки учкуч өзүн куткарып калганга жетишкен.

Учак кырсыгынын айынан 28 киши жабыркап, анын ичинен 2 кош бойлуу келин жаа 6 жаш бала ооруканада. Ал эми каза болгондордун ичинен үчөө жаш балдар. Кечээ, 18-октябрда ооруканада денесинин 80%ы күйүк алган улгайган аял да каза болду.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM