Биз менен байланышыңыз

Баткенге Пентагондун өкүлдөрү келишти

Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 1255 | 1

Кечээ, 17-октябрда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Баткенге жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

АКШдан келген делегацияны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов баштаган жетекчилик курам тосуп алды. Эки тараптуу жолугушууда министрликтин Баткен облусунда аткарып жаткан жумуштары, ӨКМ куткаруучулары тарабынан жергиликтүү элди эвакуациялоо, гумжардамдарды жеткирүү, тажик агрессиясынан өрттөлүп, тонолгон объектилерди тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди.

Андан соң америкалык делегация өкүлдөрү менен пикир алышуу, эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүү жаатында сөз болду. Министрликтин карамагындагы техникалык каражаттар, куткаруу шаймандары менен таанышып, жолугушуу учурунда делегация өкүлдөрү куткаруучулар менен баарлашып, алардын баатырдыгын, гумандуу куткаруучу кесипти тандап алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

1 пикир

1 пикир

  1. Мурат

    18.10.2022 20:27

    Кыргызстанга Американын кереги жок,жоголсун дагы бир демени баштайт. Украинанын кейпин кийип калабыз жэ афганистандын. НПОшниктери менен кошуп кууп салуу керек. Силер эмне дейсинер сабаттулар?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM