Биз менен байланышыңыз

Орусиянын мектептеринде WhatsApp тиркемесин колдонууга тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 457 | 0

Орусияда мугалимдерге окуу жараяны учурунда чет элдик мессенжерлерди, анын ичинен WhatsApp тиркемесин колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы Билим берүү министрлигиндеги ишенимдүү булактарына таянып жазды.

Маалыматта «Мындай чектөөлөр сырдуу маалыматтардын уурдалышынын алдын алат», — деп жазылат.

WhatsApp ордуна мектеп кызматкерлери, мугалимдерге  ВКонтакте менен Ростелеком биргеликте иштеп чыккан жергиликтүү VK Мессенджер жана Сферум окуу платформасынан пайдалануу сунушталууда.

Ошондой эле, ата-энелер үчүн да чет элдик мессенжерлерден пайдаланууну чектөө сунушталууда. Нижегород облусунда мугалимдер ата-энелерди маалыматтары коргоо максатында чет элдик мессенжерлерден баш тартууга чакырган. Бирок министрлик, ата-энелердин баарлашуу каналдары боюнча эч кандай эрежелер жоктугун айтууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM