Биз менен байланышыңыз

Кытайда 80 миң коррупционер өз каалоосу менен кылмышын мойнуна алган

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2022 | 632 | 0

Кытай Коммунисттик партиясынын тартип-эреже боюнча комитетинин башчысынын орун басары Сяо Пэйдин айтымында, Си Цзиньпин бийликке келгенден бери 207 миңге жакын партия кызматкери укук коргоо органдары тарабынан жазага тартылган. Соңку беш жылда 80 миңге жакын партия мүчөсү күч органдарына коррупциялык иштерге аралашканы үчүн ыктыярдуу түрдө колго түшүп берген.

Учурда Кытайда Коммунисттик партиянын бир канча күнгө созулган съезди өтүп жатат. Анда өлкөдөгү коррупция менен күрөшүү темасы да талкууланууда. Мындан сырткары съезддин жыйынтыгында Кытай лидери Сиз Цзиньпиндин кийинки мөөнөткө калуусу же калбастыгы да чечилет.

Си Цзиньпин башында турган компартиянын 96 миллион мүчөсү бар. Соңку 10 жылда 5 миллион мүчөсү коррупцияга шектелип, тергөө иштери жүргүзүлгөн. Бирок алардын ичинен 553 партия мүчөсүнө коррупция боюнча кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 11%ы алгачкы жолу коррупциялык ишке аралашкандар.

Кытай лидери курултайдын ачылышындагы сөзүндө коррупцияны партиянын «рак оорусу» деп атап, паракорчулукка каршы күрөш бир секундга дагы токтобошу керек, — деп билдирген.

Кошумчалай кетсек, Си Цзиньпин 2013-жылы бийликке келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM