Биз менен байланышыңыз

Краснодар аймагында аскердик учак көп кабаттуу үйдүн короосуна кулады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 1808 | 0

Орусиянын Су-34 аскердик учагы Краснодар аймагынын Ейск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн короосуна кулап түштү. Бул тууралуу Интерфакс маалымдады.

Маалыматта, бүгүн, 17-октябрда жергиликтүү саат 18:20 чамасында ок-дарылар менен толук куралданган аскердик учак көп кабаттуу үйдүн короосуна кулап түшкөн. Кырсыктын айынан учактын ичиндеги снаряддар жарылып кеткен.

Натыйжада 5 кабаттуу үйдүн 45 батирине зыян келип, ири өрт чыккан.

Алдын ала маалыматтар боюнча аскердик машыгууга катышып жаткан учактын бир кыймылдаткычы иштен чыккан. Ага чымчыктардын кирип кеткени себеп болгону айтылууда.

Ал эми авиакырсыктын айынан бир адам каза болуп, 3 адам жаракат алган. Өзгөчө кырдаал кызматы көп кабаттуу үйдүн жашоочулары коопсуз жайга эвакуацияланганын айтууда.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM