Биз менен байланышыңыз

Соцфонд: Аскер кызматынын ардагерлеринин пенсиясы көтөрүлгөн жок

Коом , Экономика | 17 Окт 2022 | 933 | 1

Ушул жылдын 9 айында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы кирешеси 57 млрддан ашык сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 125%га көп экенин Социалдык фонд билдирди. Мындан сырткары 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин жогорулады. Ал эми пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 15%га өстү.

Ушул жылдын тогуз айдында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы кирешеси 57 млрд 428,8 млн сомду түздү. Киреше бөлүгү мурдагы жылдын тогуз айына салыштырмалуу 125,9 пайызга, башкача айтканда 11 млрд 821,5 млн сомго көбөйдү.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу 1-октрябдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго чейин көтөрүлгөнүн билдирди.

Пенсиянын жогорулашы жарандардын эмгек стажына байланыштуу көбөйтүлдү.

«Бул жыл башындагы пенсиянын өлчөмүнөн 33 пайызга же 1 миң 988 сомго жогору. Өлкө аймагындагы 735,9 миң пенсионердин пенсиясын индексациялоого 4 млрд 424,3 млн сом, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен пенсиянын базалык бөлүгүнө 3 млрд 83 млн сом, Пенсиялык фонддун каражаттарынын эсебинен пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнө 1 млрд 341,3 млн сом кошумча керектелет. Пенсионерлер 2022-жылдын октябрь айынан тартып пенсияларын жогорулатылган өлчөмдөрдө алып башташды. Пенсиянын жогорулашы жарандардын стажына байланыштуу көбөйтүлдү. Стаж дагы ар бир кызматтыкы ар башка болот».

Соцфонддун бюджетинин жалпы чыгымдары 49 млрд 676,4 млн сомду түздү. Ал эми пенсиялык фонд боюнча чыгымдар 44 млрд 785,3 млн сомду түздү. Бул пенсиялардын жыл сайын жогорулашы жана пенсионерлердин санынын өсүшү менен шартталган.

Быйыл пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 40 млрд 564 млн сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 3 млрд 237,5 млн сомго көбөйдү.

Социалдык фонддун өкүлү Жеңишбек Мукамбетов быйылкы жылдын 1-октябрына карата пенсионерлердин саны 735,9 миң адамды түзгөнүн маалымдады.

Ушул жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча Соцфондго 55 миң 973 пенсиялык иш түшкөн.

«Учурда 55 миң 973 пенсиялык иштин ичинен 46 миң 229 пенсия чектелип, 9 миң 744ү эсептелүүдө. 1-октябрга карата өлкөдө пенсионерлердин саны 735,9 миң адамды түздү. Анын ичинен «Кыргыз почтасы» аркылуу 202,1 миң адам, коммерциялык банктар аркылуу 533,8 миң адам пенсиясын алат. Бүгүнкү күндө Социалдык фонддун бюджети бекитилип жатат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1,5 млрд сомго, башкача айтканда 15 пайызга көбөйтүү пландалууда. Ал эми базалык бөлүгүн биздин бюджет бекитилгенден кийин айта алабыз».

Мекеменин дагы бир өкүлү Адилет Абдылдаев эмне себептен аскер кызматчыларынын пенсиясы көтөрүлбөгөнүн түшүндүрдү.

«Бул жолу жарандык пенсиялардын гана суммасы жогорулады. Аскер кызматынын пенсияларыны толугу менен башка мыйзам менен эсептелгендиктен, бул жолу алардын пенсиялары жогорулаган жок. Анткени алардын пенсиялары толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Ал эми биздеги пенсиялар республикалык жана пенсиялык фонддун эсебинен каржылангандыктан бул жолку көбөйтүү «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына ылайык гана көбөйтүлөт».

Маалыматка ылайык, аскер кызматчыларына пенсия төлөп берүүгө, жеңилдетилген пенсияларга, үстөк акыларга жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө мамлекеттик бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттардын түшүшү 20 млрд 623 млн. сомду түздү.

2022-жылдын 9 айында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 40 млрд 564,5  млн сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 3 млрд 237,5 млн сомго көбөйдү.

Ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 423,4 млн. сомго каржыланды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 513,4 млн сомго көп.

Мындан сырткары Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 438 млн сомго каржыланды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 236,4 млн сомго көп.

 

1 пикир

1 пикир

  1. Мен

    28.10.2022 21:08

    Саламатсызбы! Стажы жок 65 жаштагы кишинин пенсиясы канча болот?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM