Биз менен байланышыңыз

Москвада жарым-жартылай мобилизация аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 702 | 0

Орусиянын борбору Москвада жарым-жартылай мобилизация аяктады. Бул тууралуу калаа башчысы Сергей Собянин өзүнүн расмий сайтында жазды.

Маалыматта, Москва шаарынын аскердик комиссариаты Президенттин жарлыгын жана Коргоо министрлигинин тапшырмасын так жана толук аткаргандыгы жазылган.

Мындан улам бүгүн, 17-октябрдан тарта мобилизацияга чогултуучу пункттар саат 14:00дө жабылды. Ал эми жашаган жери боюнча жиберилген аскерге чакыруулар жокко чыгарылат.

Орусияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланган. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу жакында эле эки жумада 200 миң жаран мобилизацияланганын билдирген болчу.

Путин Орусиядан чыгып кеткен жарандарга кандай чара көрүлө тургандыгын айтты

Copyright © 2017 Maral FM