Биз менен байланышыңыз

Беларус аймагына 9 миң орус аскери жайгаштырылат

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2022 | 703 | 0

Беларусь өлкөсүнө орусиялык аскер кызматкерлерин ташыган алгачкы эшелондор бара баштады. Мындан сырткары аймактык кошуундар тобунун авиациясы да Беларусь аймагына жеткирилүүдө.

Бул өлкөдө түзүлүп жаткан аймактык аскер күчтөрүндө дээрлик 9 000 орусиялык аскер алынат. Бул тууралуу кечээ, 16-октябрда беларус бийлиги  маалымдады. Анын айтымында орусиялык аскерлерди ташыган эшелондор өлкө аймагына кирип жатат. Аларды жайгаштыруу бир канча күнгө созулушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, 10-октябрда беларус президенти Александр Лукашенко менен Орусия президенти Владимир Путин бириккен аймактык кошуун түзүүгө макулдашкан. Лукашенко муну Украина Белоруссияга чабуул коюуну пландап жаткандыктан, коргонуу үчүн ушундай кадамга баруудабыз деп түшүндүргөн.

Орусия менен Беларусь ортосунда түзүлгөн аскердик кошуунга беларустун «тынчтык убагындагы штат» боюнча бөлүмү, Орусиянын атайын аскер бөлүктөрү кирген.

Беларусь коргоо министрлигинин маалымат кызматы бул тууралуу өнөктөш өлкөлөр «бир гана коргонуу долбоору» үчүн убактылуу бириккенин айтты. Ал эми Орусия Украина аймагына абадан сокку берүүдө согуш башталгандан бери  Беларусь аймагынан пайдаланып келет.

Путин Орусиядан чыгып кеткен жарандарга кандай чара көрүлө тургандыгын айтты

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM