Биз менен байланышыңыз

Беларусь бийлиги өлкөдө антитеррордук операция режимин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 349 | 0

Беларусь бийлиги өлкөдө антитеррордук операция режимин жарыялады.

Мындай абал жарыялоо өлкөдө укук коргоо жана күч органдары үчүн эбегейсиз ыйгарым укуктарды берет. Алар каалаган имараттарды тинтүү, террорчуну аныктоо үчүн телефондорду тыңшоо, камака алуу жана жарандардын үйлөрүнө да уруксатсыз кире алышат.

Ички иштер министри Владимир Макей Антитеррордук операциянын жарыялануусун коңшу өлкөлөр Беларусь аймагында чагымчылдык уюштурууга аракет кылууда деп түшүндүргөн.

Беларусь президенти Александр Лукашенко 4-октябрда Польша жана Литва менен чектеш аймактарда аскерлерин топтоп жатканын билдирген. Андан бир жума өтпөй, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө текшерүү жүргөн.

Ал эми украиналык басылмалар Беларусь бийлиги аскер машыгууларын өткөрүп жатканын, бул Лукашенконун орус армиясына колдоо көрсөтүү үчүн аскерлерди даярдоо аракети болушу мүмкүндүгүн жазган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM