Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жакырчылык 8 пайызга өстү

Кыска кабар | 14 Окт 2022 | 525 | 0

Кыргызстанда жакырчылык 8%га өстү. Бул тууралуу «Маралдын» “Күн чабыт” программасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Наргиза Турбекова билдирди.

Ошондой эле Наргиза Турбекова Кыргызстандагы болуп жаткан жакырчылыкка COVİD-19 жана учурда болуп жаткан дүйнөлүк саясий жана экономикалык абал да түздөн-түз себеп болуп жатканын айтты.

Ал эми экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров жакырчылыктын себептери катары Кыргызстанга чоң инвесторлордун келбегени жана жумуш ордунун жоктугун, ошондой эле калктын каржылык сабаттуулугунун жоктугун атап өттү. Экономисттин айтымында Кыргызстанда жакырчылык боюнча Баткен облусу биринчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM