Connect with us

«Ооганстан террористтик хабка айланып кете электе, абалды жөнгө салалы»

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 421 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 13-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммитинде сөз сүйлөп, Ооганстан маселесин көтөрдү.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ооганстандагы саясий абалды жөнгө салуу үчүн эл аралык сүйлөшүү тобун түзүүнү сунуштады. Ал Ооганстанда тынчтык орнотууга өзгөчө көңүл бурууга чакырып, бул өлкө террористтик хабка айланып кете электе абалды жөнгө салуу зарыл деп эсептейт.

Ал Ооганстандын убактылуу өкмөтү менен биргеликте жалпы координацияланган аракеттерди иштеп чыгып, Азия өлкөлөрү биргеликте БУУнун Башкы ассамблеясына Ооганстан боюнча эл аралык сүйлөшүү тобун түзүү демилгесин сунуштоо пикирин билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI Саммити өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM