Connect with us

«Изилдөөдө студенттер жемкорлуктан кутулуунун чарасы жоктугун айтышкан»

Кыска кабар | 13 Окт 2022 | 637 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Нуржигит Кадырбеков Жаштар укугу боюнча бюронун иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып, Кыргызстанда Жогорку окуу жайлардагы мугалимдердин 62%ы коррупцияга аралашкандыгын билдирди.

Изилдөөдө студенттер жемкорлуктан кутулуунун чарасы жок экендигин айтышкан. Мындан сырткары, студенттердин 57%ы мугалимдердин, администрациянын кодулоосуна, ыдык көрсөтүүсүнө жана дискриминациясына туш болушканын белгилешкен.

«Бул өтө өкүнүчтүү жагдай. жаштар окуу жайдан коррупцияны көрүп чыкса, анан кантип биз таза коом курабыз. Ушуга бир жакшы чара көрөлүчү. Кыргызстанда Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Борбор Азиядагы Америка университетинде гана коррупция жок экен. Калган баардык өзүбүздүн университеттерде жемкорлук бар» — деди Кадырбеков.

Кадырбеков ошондой эле Япониядагы университеттерден мисал кылып, коррупциялык элемент болгон окуу жайдан студенттер кетип калгандыгын айтты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM