Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Президенттикке 12 адам талапкерлигин койду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Окт 2022 | 543 | 0

Казакстандагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата талапкерлерди каттоо кечээ, 11-октябрда аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Учурда Казакстандын президенттигине ат салышууга жалпы 12 талапкер документ тапшырды. Анын ичинен бешөөсүнүн документи талапкер болууга ылайык деп табылган. Ал эми калган жети талапкердин документтери эми кароодон өтөт.

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. 21-сентябрда өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин тийиштүү жарлыкка кол койгон.

Президенттикке талапкерлер:

Касым-Жомарта Токаев – учурдагы өлкө башчы.

Нурлан Ауесбаев – Жалпы улуттук социал-демократиялык оппозициячыл партиянын өкүлү.


Мейрам Кажыкен – Республикалык «Аманат» профсоюздук биримдигинен талапкер.

Жигули Дайрабаев – «Ауыл» элдик демократиялык партиясынын өкүлү.


Каракат Абден –  «Профессионалдуу социалдык кызматкерлердин улуттук альянсы» бирикмесинен талапкер.

Жуматай Алиев – «Халық демографиясы» коомдук бирикмесинин өкүлү.


Талгат Ергалиев –  «Казакстан куруучулар союзунан».

Нуржан Альтаев – «Мұқалмас» коомдук-республикалык бирикмеси.


Салтанат Турсынбекова – «Қазақ аналары – дәстүрге жол» коомдук бирикмесинин атынан талапкер.


Хайрулла Габжалилов — «Асар» оралмандары бирикмесинен.


Бакыт Жанабаев —  «Казакстан футбол сүйүүчүлөрүнүн лигасы».


Фатима Бизакова — «Практикалык Психология» коомдук бирикмеси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM