Биз менен байланышыңыз

Бишкекте кыргыз-азербайжан жаңы паркы ачылды (фото)

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 1438 | 0

Бүгүн, 11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Сейил бактын ачылыш аземине президенттер Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев катышты.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканына көңүл бурду.

Садыр Жапаров кыргыз тарап бир тууган Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Азербайжандын лидери кошумчалагандай, бүгүнкү күндө эки өлкөнүн борборлору – Баку менен Бишкек бир тууган шаарларга айланды.

“Биздин элдерибиздин бир туугандыгы шаарлардын ортосундагы бир туугандыкка айланып баратат. Бул жакшы салт жашай берет жана Кыргызстан менен Азербайжандын башка көптөгөн шаарлары бир тууган шаарларга айланат деп ишенем”,-деди Азербайжандын президенти Ильхам Алиев.

Андан соң Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери сейил бакты көрүп чыгышты.

default

default

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM