Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов Баткен боюнча Женевада баяндама жасады

Кыска кабар | 11 Окт 2022 | 437 | 0

10-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 14-16-сентябрдагы Баткен облусунун айылдарына тажик тараптын кол салуусунун кесепеттери тууралуу кеңири баяндамасы менен Женевадагы коопсуздук саясаты боюнча борбордо сөз сүйлөдү.

Баяндамадан кийин Женева борборунун директору, швейцариялык дипломат жана ЕККУнун мурдагы башкы катчысы Томас Гремингер менен өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды чечүүдө дипломатиянын инструменттерин колдонуунун мүмкүн болгон жолдору боюнча талкуу болду.

Иш-чара Женевадагы Коопсуздук саясаты боюнча борборунун “Коопсуздук боюнча Женева дебаттарынын” алкагында Кыргызстандын Женевадагы БУУ кеңсесиндеги жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.

Дебаттын жүрүшүндө баяндамачылар Женева дипломатиялык корпусунун, илимий чөйрөнүн, талдоочулардын, журналисттердин жана студенттердин көптөгөн суроолоруна жооп беришти.

Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары агрессиянын натыйжаларын, көп сандаган адам курмандыктарын, инфраструктуранын кыйроосун жана экономикалык зыяндын далилин келтирген фотокөргөзмө менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Коопсуздук саясаты боюнча Женева борбору (GCSP) 1995-жылы Швейцариянын мыйзамдарына ылайык тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту курууга жана колдоого көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн эл аралык фонд. GCSP Федералдык Коргоо, Жарандык коргонуу жана Спорт министрлиги тарабынан Тышкы иштер федералдык департаменти менен биргеликте түзүлгөн. GCSPтин башкаруучу органы болуп 52 мүчө-мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын, жана Женева кантонунун өкүлдөрү кирген Фонд кеңеши саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM