Биз менен байланышыңыз

Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн программасы кабыл алынды

Кыска кабар | 8 Окт 2022 | 122 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын башталышында Министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү: транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов тааныштырылды.

Министрлер кабинетинин жыйынынын күн тартибинде 20 маселе коюлган, анын ичинде 2022-2026-жылдарга Кыргызстандын расмий статистикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы бар.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов белгилегендей, бул документ ишенимдүү жана сапаттуу маалыматтарды берүү максатында иштелип чыккан жана статистикалык өндүрүштү модернизациялоого багытталган.

Талкуунун жыйынтыгында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү 2022-2026-жылдарга расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасын кабыл алууну жактырышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM