Биз менен байланышыңыз

Ички авиакаттамдардын билет баасынын арзандашы күмөн

Коом , Экономика | 7 Окт 2022 | 1708 | 0

Ички авиакаттамдарга болгон билет баасы кымбаттап, таңкыстык жаралууда. Бүгүнкү күндө авиакассалар билетти 2500 сомдон 4000 сомго чейин сатышууда. Алар муну каттам аз жана орундар чектелүү болгону менен түшүндүрүп жатышат. Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен авиакаттамдарына болгон билеттин баасын жөнгө салуу боюнча коомдо суроо-талаптар көп. Ал эми мамлекет кандай иштерди жүргүзүүдө? Билет жакын арада арзандашы мүмкүнбү?

Бишкек шаарынын тургуну Сыймык Жээнбеков жумушуна байланыштуу Ошко көп каттайт. Ал көбүнчө учак менен барат. Учурда билетти 3500дөн 4000 сомго чейин, кээде андан да жогору баада сатып алууда. Ал мындай баа өтө кымбат экенин айтып, нааразылыгын билдирди.

«Мен өзүм жумуш аркылуу Ош-Бишкек, Бишкек-Ош авиакаттамдары менен көп каттайм. Жайында болсо билеттин баасы такыр түшпөдү. Кээде жумуштар чыгып калганда, шашылыш билет алууга туура келет. Мурда 2500 сомдон алсак, азыркы күндө 3500дөн 4000 сомго чейин алып жатам. Кээде 4000 сомдон да өтүп кетет. Карапайым элге эле кыйын болду. Айрым учурда такыр орун калбай калат. Бир жума же 3,4 күн мурун билет алып коюу керек».

Ал эми авикассалар билеттин кымбатташын каттам аздыгы жана орундар чектелүү болгондугу менен байланыштырып жатышат.

Бишкекте жайгашкан авиакассалардын биринде сатуучу болуп иштеген Айганыш Жоробекова билеттин баасы авикомпаниялардан бөлүнүп берилген пайызга карата сатыларын түшүндүрдү.

«Азыркы күндө Ош, Бишкек, Баткен, Жалал-Абад аба каттамдарынын баасы чындыгында кымбат. 2700 сомдон 4000 сомго чейин сатып жатабыз. 2700 жана 2800 сомдук билеттерди ар бир айдын соңунда гана табууга болот. Анткени каттам аз жана орундар чектелүү болгону үчүн кымбат. Бизге эч кандай компания акча бөлүп бербейт. Ар бир компания ар кандай пайыздарды бөлүп берет. Бир компания 1 пайыз, экинчиси 2 же 3, 4 пайызды бөлүп беришет. Ошого карап сатабыз».

Өлкөдө ички авиакаттамдарды «Тез Жет» жана «Авиа Траффик» компаниялары аткарат.

«Манас» эл аралык аэропортунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Алия Курбанованын айтымында, авиакомпаниялар жеке менчик болгондуктан, баасын өздөрү коет. Аэропорт билеттин баасына кирише албайт.

«Азыркы учурда ички авиакаттамдарды «Тез Жет» жана «Авиа Траффик» компаниялары аткарат. Көбүнчө «Тез Жет» компаниясы ички каттамдарды ишке ашырат. Ал компания Бишкектен Ошко, Бишкектен Раззаковко, Бишкектен Жалал-Абадка каттамдарды жүргүзөт. Жайында Оштон Ысык-Көлгө, Баткен шаарына да аткарган. Учуда Баткен аэропортунда оңдоо иштери жүрүп жаткандыгы үчүн каттамдар токтотулуп турат. Күнүнө 4,5 жолу каттайт. «Манас» аэропорту билеттердин баасынын кымбатташына тиешебиз жок. Авиакомпаниялар жеке менчик болгондуктан, бааны өздөрү чечишет».

Ички авиакаттамдарга болгон билет баасынын кымбатташы тууралуу депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин жыйынында маселе көтөргөн. Ал авиациядагы ички жана сырткы саясатты тартипке келтирүү керектигин талап кылды.

«Авиациядагы ички жана сырткы саясатты тартипке келтирүү бүгүнкү күндүн эң зарыл көрсөткүчү болуп жатат. Ички каттамдарды карасак, Баткен окуясында Лейлекке күнүнө бир жолу жөнөтүп тургула, болбосо күн алыс каттамдарды ачып тургула дедик. Ошондо да каттамдар тартипке салынган жок. Ал эми бааны базар аныктайт деп жатасыздар. Барып келиши 10 миң сом болуп жатат. Эл үчүн 10 миң сом чоң акча. Элдин чөнтөгүн да карашыбыз керек».

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев депуттатын суроосуна жооп берип жатып, алдыда каттамдарды көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

«Ички каттамдар боюнча Монополияга каршы күрөшүү комитети билеттин баасын коет. Учурда борт жетпей жатат. Мисалы, Жалал-Абад шаарына 9 каттам жасалууда. Баткен аэропортунун оңдоо иштери бүтүп калса, ал жакка да каттамдарды жандантуу керек. Настаевке каттамдарды көбөйтүү милдети жүктөлдү. Учурда 10, 12, 15 орундуу чакан самолетторду алып келүүнүн үстүндө иштерди жүрүп жатат. Эгер ушул самолетторду алып келе алсак, ички каттамга жүргүзүп алсак, билеттин баасы да түшөт. Бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз».

«Манас» эл аралык аэропортунун маалыматына караганда, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча күнүнө алты каттам аткарылат.

Мындан сырткары Жалал-Абадка жумасына алты жолу, Исфанага жумасына эки жолу авиакаттам аткарылат.

Ал эми Баткен аэропорту 1-августтан баштап үч айга оңдоп-түзөө иштерине жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM