Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык педагог эл аралык фестивалда биринчиликти алды

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 3804 | 0

Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунду ээледи. Бул туруалуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанат Кеңешчоро кызы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына ушул жылдын март айынан июнь айына чейин өткөн сырттан окуу этабында жолдомо алган.

Аталган фестивалга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан жалпы 51 өкүл катышкан.

Учурда Астана шаарында «Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин жаңы реалдуулукта билим берүүсү жана постпандемиядан кийинки мезгилде билим берүү процессинин трансформациясы» темасында мугалимдердин жана билим берүү кызматкерлеринин VII съезди өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM