Биз менен байланышыңыз

Мадумаров Кемпир-Абад боюнча так маалымат талап кылды

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 448 | 0

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров парламенттин жыйынында Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында жаралып жаткан маселелер боюнча тиешелүү органдардын маалымат берүүсүн талап кылды.

Мадумаровдун баамында Өзгөндө президенттин эл менен жолугушуусу спектакль сыяктуу болгон.

Эл өкүлү Өзгөн районундагы айылдардагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын Кемпир-Абад боюнча чечими керектигин билдирген.

«Жердин ээси эл. Ушул саатка алынган маалыматка караганда эки айылдык кеңештин депутаттары толугу менен 100% «каршы» добуш беришкен. Анын үстүнө жергиликтүү эл өздөрүнүн иш-чараларын уюштуруп жатса, түнкү саат 01.00дө милиция күч колдонуу менен боз үйлөрүн жыйнаштырып кеткен. Бул жакшы иш болбоду. Ошондуктан Кемпир-Абад боюнча абал курчуп кете электе, ушул маселеге ким жоопкерчиликтүү болсо, парламентке келип жооп берсин. Маалыматты так берүүсүн талап кылам», — деди эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM