Биз менен байланышыңыз

«Ата-Журт Кыргызстанга» бир мандаттуу округдан кирген 14 депутат бөлүнүп чыкты

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 1370 | 0

Парламенттеги «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына бир мандаттуу округдан кирген депутаттар бөлүнүп чыгып, «Мекенчил» парламенттик тобу түзүлдү. Ага төрага болуп Элмурза Сатыбалдиев шайланган.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйында аталган фракциянын мүчөсү Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы жыйын өткөрүп, анын негизинде 14 депутат фракциядан бөлүнүп чыккан.

Ал эми «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына лидер болуп, депутат Бакыт Сыдыков дайындалган.

5-октябрда парламентттин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырган. Ошол эле күнү жаңы төрага болуп «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Нурлан Шакиев шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM