Биз менен байланышыңыз

Путин Запорожье АЭСин Орусиянын мүлкүнө өткөрүү жарлыгына кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 368 | 0

Россия президенти Владимир Путин өкмөткө «Запорожье атом электр станциясындагы атом энергиясындан пайдалануучу объекттерди федералдык мүлктөрдүн тизмесине кабыл кылууну» тапшырды.

Мындан сырткары, станциянын иштөөсү үчүн «Запорожская АЭС» Федерал мамлекеттик унитардык ишканасын жана «Запорожье АЭСны эксплуатация кылуучу уюм» ачык акционердик коомун түзүү пландалган.

Запорожье АЭСи Украинанын Запорожье облусундагы Энергодар шаарында жайгашкан. Ал Европадагы эң чоң, дүйнөдөгү үчүнчү ири атомдук электр станцияларынын бири. Анын курулушу 1979-жылы башталып, 1996-жылы толук курулуп бүткөн. Анда жылына  40 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Аталган АЭСти быйыл март айында орусиялык аскерлер басып алган.

Буга чейин Владимир Путин өзү эгемендүү деп тааныган Украинанын Донецк жана Луганск жикчил аймактарын жана Херсон, Запорожье облустарындагы ээлеп алган аймактарын аннексиялаган документке кол койгон.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM