Биз менен байланышыңыз

Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Египетте кармалды

Кыска кабар | 5 Окт 2022 | 135 | 0

Египетте эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ИИМдин Интерпол бюросу менен Египеттин Интерполу биргеликте Каир шаарында издөө иш-чараларын өткөрүп, эл аралык издөөдө жүргөн 42 жаштагы «Азаматулло» каймана аты менен белгилүү кылмышкердин өздүгү аныкталып, кармалды.

Кармалган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүндө («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») каралган кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Ал жарандарга ишеним көрсөтүп, алдамчылык жолу менен мүлк жана акча каражаттарын ээлеп алган.

Египеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан издөөдөгү шектүүгө карата Египеттен административдик чыгаруу түрүндө чечим колдонулган. Азыр Башкы прокуратуранын жардамы менен Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM