Connect with us

Министрликтин отчёту: Өлкө экономикасында өсүү байкалды

Экономика | 4 Окт 2022 | 644 | 0

Бүгүн экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев министрликтин бир жылдык отчётун берди. Алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 187,4 млрд сомду түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 139,2% өсүш бар дегенди билдирет. Министрликтин маалыматына караганда, ишкерлердин сунушу менен «Салык кодексине» да өзгөртүүлөр киргизилди.

Өткөн жылдын октябрь айынан 2022-жылдын октябрына чейинки убакта ата мекендик компаниялар тарабынан стратегиялык кендерди иштетүү максатында «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги түзүлгөн. Мындан сырткары Венгер-кыргыз жана өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонддору ачылган.

Ушул жылдын январь-август айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 265,8 миллиард сомдук өндүрүш өндүрүлүп, мурдагы жылга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 18,2%га өскөн.

Министр Данияр Амангелдиев ишкерлерди колдоо максатында бир катар жеңилдиктер каралганын, ишкерлер үчүн жаңы жобо иштелип чыкканын кабарлады.

«Ишкерлерди текшерүү боюнча көзөмөл министрликтин алдында калганы турат. Азыр бул боюнча жаңы жобо иштелип чыкты. Ага ылайык, ишкерди текшерүүнүн алдында анын критерийлерин жазып чыгышат. Туура келсе, ишкерлерди текшерүүгө министрлик өзү уруксат берет. Эгер адамдын ден соолугуна зыяны тие турган болсо, аны түздөн-түз текшерүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Анткени биздин тамактануучу жайлардан бир канча жолу уулангандар катталган. Биз аларды текшерүүгө тоскоолдук жаратпашыбыз керек. Адамдын коопсуздугу баарынан жогору турат».

Министрдин айтымында, Кыргызстан экономиканын өсүү көрсөткүчү боюнча Евразия Экономикалык Биримдигине кирген башка өлкөлөрдөн пайыздык көрсөткүчү боюнча ашып өтүүдө. Сегиз айдын жыйынтыгында экономиканын өсүү темпи 8%ды көрсөттү.

Муну менен катар салык кызматтарын санариптештирүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү, көмүскө экономиканы кыскартуу үчүн заманбап талаптарга жооп берген Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынды.

Министр Амангелдиев жаңы «Салык кодексинин» редакциясында бизнес өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин сунуштары камтылганын билдирди.

Министрлик тарабынан учурда бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, экспортту өнүктүрүү, салык жүгүн азайтуу боюнча бир топ иштер жүргүзүлүп жатат.

«2022-жылдын 1-январынан баштап, жаңы «Салык кодекси» ишке кирген. Көп талкуулар болду. Ишкерлер, соодагерлер, бизнес ассоциациялары менен бир нече жолу жолуктук. Анда ишкерлерди колдоо жана салыктык базалар адилеттүү болушу үчүн атайын формуланы иштеп чыктык. Алардан келген сунуштардын натыйжасында август айында кодекске киргизиле турган толук өзгөртүүлөрдү чогултуп бүттүк. 24-сентябрда коомдук талкуу аяктаган. Азыркы күндө биз бардык ишкердин сунуштарын, каалоолорун жаңы кодексте камтып кеттик десем болот».

Мындан сырткары «Орусияда эмгек миграциясында жүргөн кыргыз жарандары кайтып келсе, жумушсуз калуудан кооптонбосун», — дейт министр.

Ал жакында өлкөдө жумуш орундары түзүлөрүн кабарлады.

«Азыркы учурда экономикалык саясий кырдаалга байланыштуу мигранттар өлкөгө келсе, жумушсуз калат дегенден алыспыз. Анткени өнөктөш мамлекеттер менен альтернативдүү келишимдер түзүлүп жатат. Андан тышкары экономиканын өсүү темпи акыркы айлардай болсо, өзүбүздөгү жаңы өндүрүүчү ишканалардагы жумушчу орундарды толуктоого кызматкерлер керек».

Экономика жана коммерция министрлиги өнөр жайды өнүктүрүү жаатында иштерди алып барууда.

«Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу» инвестициялык долбоору боюнча иштер улантылууда, аны ишке ашыруу Кыргызстандын бюджетин жыл сайын 40-50 миллион долларга толуктоого, 1000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Өлкө боюнча жеңил өнөр жай ишканаларынын бешөө ишке кирди. Алар «Текстиль-Транс» ишканасы, «Кул Брос» туунду тигүү фирмасы, «Салкын» кездемелерди чыгаруу жана башка ишканалар иштеп жатат.

Бул ишканалардын ачылышы менен жалпысынан 1122 жумушчу орун түзүлдү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM