Биз менен байланышыңыз

Шавкат Мирзиёев Венгрияга расмий сапары менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 371 | 0

Бүгүн, 4-октябрда Будапешттеги Венгрия парламентинин алдындагы Лайош Кошут аянтында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди расмий тосуп алуу аземи өттү.

Аянтта Мирзиёевдин урматына жөө жана атчан жоокерлерден турган ардактуу кароол тизилди. Аскердик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын президенти Каталин Новак расмий делегация мүчөлөрү менен учурашып, иш-чара Ардактуу кароолдун салтанаттуу маршы менен аяктады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Будапештке расмий сапар менен 3-октябрда барды. Анын алкагында Венгриянын президенти Каталина Новак менен жолугушуу, премьер-министр Виктор Орбан менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Жыйынтыгында эки тараптуу документтердин пакетине кол коюу күтүлүүдө.

Шавкат Мирзиёев Венгриянын алдыңкы компанияларынын жана каржы түзүмдөрүнүн жетекчилери менен тегерек стол да өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM