Биз менен байланышыңыз

Көмүрдүн баасы көтөрүлүшү мүмкүн

Коом , Экономика | 3 Окт 2022 | 1279 | 0

Күндүн табы төмөндөп, көпчүлүк эл кыштын камын көрө баштады. Ага байланыштуу айрым жерлерде көмүрдүн баасы өскөнү байкалды.

Бишкек шаарында көбүнчө Кара-Кече кенинен ташылган көмүргө талап жогору, анын орточо баасы быйыл 4500 сомдон 5000 сомго чейин бааланууда.

Шаардагы базалардын биринде көмүр саткан Руслан жергиликтүү карьерлерден чыккан көмүр былтыркы баада эле сатылып жатканын айтат. Бирок Казакстандын «Шабыркүл» жана «Каражыра» көмүрү кымбаттап, былтыр орто эсеп менен 4800 сомду түзсө, быйыл 5000 сомдон жогору болууда.

«Бизде баа өскөн жок, «Кара-Кече» былтыркыдай эле, «Шабыркүл» менен «Каражыраныкы» 200 сомго кымбаттады, бирок муну түшүнсө болот. Анткени, былтыр солярка 45 сомдон болсо, быйыл 75 сомдон. Былтыр 10 миң сом турган дөңгөлөк азыр 15 миң сом болуп жатат».

Сатуучу калктын кышка камынуусу быйыл жылдагыдан солгун экенин, кышка жакын көмүрдүн баасы дагы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн кошумчалады.

Шаар тургундарынын бири Айбектин айтымында, көмүрдүн баасы туруктуу. Ал кышка карата көмүр сатып ала баштады.

«Акыркы күндөрү суук болуп жатпайбы, ошого аз да болсо, көмүр алып туралы деп келдик. Баа албетте кымбат, бирок былтыркыга салыштырмалуу туруктуу эле. Эми арзандап калабы десең, кыш келатат, кайра кымбаттап кетет го, эртерээк камына берели деп турган чагыбыз». 

Ушундай эле көрүнүштү Ош шаарында да байкоого болот. Катардагы базалардын биринин сатуучусу Эркин шаарда көмүр 7000 сомдон жогору сатылып жатканын айтат. Албетте, буга эл нааразы.

«Ош шаарында 7000 сомдон сатып жатабыз. Быйыл карьердин өзүндө кымбат болуп жатат, бир аз мурда 7500 сомдон сатып жатканбыз, кийин көмүр көп келе баштаганда төмөндөгөн. Азыр эми кайра таңкыстык боло баштады, көтөрүлүү алдында турат. Алдыда кандай баа болот так айтуу кыйын, карьерлер тынбай иштеп турса, ушул баа сакталат, бирок антсе да эл кышка эртерээк камынса жакшы болот, анткени эртең кар жаагандан кийин кымбаттабаса да көмүр суу болот, майда болот».

Кыргызстанда кышка камылга көрүлүп, мамлекеттик мекемелер жана калкты отун менен камсыз кылуу иштери кызуу жүрүп жатат. Кыргызстандыктар жыл сайын 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектейт. «Кыргызкөмүр» ишканасынын берген маалыматы боюнча, 1 миллион 250 миң тонна калкты, 1 миллион 50 миң ЖЭБди жана 250 миң мамлекеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууга керектелет.

Казуу иштери күн-түн жүрүп, күнүнө 3,5-5 миң тонна көмүр казылып жатканын аталган мекеменин басма сөз катчысы Жийдегүл Зоотбекова айтты.

«Кыргызкөмүр» ишканасынын жумушчулары күндүзгү жана түнкү смен менен көмүр чыгарып жаткан учуру. Биз акыркы так маалыматтар боюнча айтсак, 220 миң тонна көмүр казып алынса, анын 116 миңи Бишкек ЖЭБине жеткирилген. Ал эми анын баасы боюнча биз эч кандай чара көрө албайбыз, болгону антимонополия коюп берген бааны кармап бере алабыз. Мисалы, Кара-Кече кенинде 1450 сом деп коюлган, бирок андан ортомчулар аркылуу чыгып отуруп, базар баасы 4700-4800 сом болуп жатат. Аны менен антимонополия иштейт».

Ал эми Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы базар экономикасына мамлекеттик жөнгө салуулар тууралуу өкмөттүн чечими жок кийлигише албай турганын айтат. Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары Жээналы Орозбаев азыркы учурда көмүргө болгон баага мониторинг жасалып жатканын билдирди.

«Биз мамлекеттик мекемелерге ташылган көмүрдүн баасын бекитип беребиз. Ал эми өздөрүнчө алып келип сатып жаткан ортомчуларга эч нерсе дей албайбыз, алар өздөрүнүн чыгымдарына жараша бир бааны коюп сатышат. Баанын эртең өсүп же туруктуу кармалышы көбүнчө аба ырайына да көз каранды болуп калат. Эгерде кар түшүп, суук болуп кетсе, машиналардын алып келүү мүмкүнчүлүгү да азаят, ошондо кымбатташы мүмкүн».

Орозбаев көмүргө болгон талап көбөйүп, баасы кескин кымбаттай турган болсо, мамлекеттик жөнгө салуу киргизиле турганын кошумчалады.

«Кыргызкөмүр» ишканасы август айынан бери кышка даярдык көрүп, калкты көмүр сатып алууга чакырып келет. Кара алтындын баасы өлкөнүн түштүк аймактарында бир топ жогору баада сатылат. Алсак, Исфанада 8 миң сомдун тегерегинде болсо, Ноокат жана Баткен райондорунда 9 миң сомдон жогору сатылууда. Бул аймактардын алыстыгына байланыштуу.

Кыргызстанда акыркы эки жылда көмүрдүн баасы 19 пайызга өскөн.

Даярдаган: Сагын Сабыр

Copyright © 2017 Maral FM