Биз менен байланышыңыз

Январь айынан баштап оор жүк ташуучу унаалар акы төлөй баштайт

Коом , Экономика | 3 Окт 2022 | 708 | 0

Келе жаткан жылдын январь айынан тарта «Жол фонду» мыйзамы ишке кирет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Мыйзам өлкө аймагында жол тармагын өнүктүрүү үчүн каржылык ресурстарды түзүү максатын көздөйт. Ага ылайык, 1-январдан баштап оор жүк ташуучу унаалар көлөмүнө жараша акы төлөй баштайт. Андан түшкөн каражат кайсы жакка жумшалат? 

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Жол активдерин башкаруу системасындагы мамлекеттик саясат жөнүндө» тегерек стол өткөрдү.

Ага Президенттин администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин жана башка бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев министрликтин жүргүзүп жаткан реформалары, алдыдагы пландары тууралуу айтып берди. Ошондой эле ал иш-чаранын негизги максатына токтолду.

«Бүгүнкү иш-чаранын негизги максаты: Транспорт министрлигинин башкаруу системасындагы реформалары жөнүндө кеңири айтып берүү. Кайсы багытта өнүгүп жатабыз? Ошол маселеге токтолобуз. Өнүгүү жагын айтсак, 2024-жылга чейин эл аралык маанидеги жолдордун баарын оңдоп-түзөп бүтүү пландаштырылган. Андан сырткары акы төлөнүүчү жолдорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу өнүктүрүүгө көңүл бурулат. Ушул маселелерди талкуулап, элдин пикирин угуу да негизги максат».

Жыйында «Жол фондунун» түзүлүшү жана анын ишке кириши тууралуу бир катар пикирлер талкууланды.

Министрликтин коомчулук кеңешинин төрагасынын орун басары Авазбек Дооронбаев оор жүк ташуучу унаалардан фондго жылына 700-800 миллион сом каражат түшөрүн кабарлады.

«Бүгүн фонддун ачылышы боюнча жакшы талкуу болуп жатат. Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти көзөмөлдөө агенттигинин бюджетине 100-120 миллион сомдун тегерегинде каражат түшөт. Жүк ташуучу унаалардын ээлери өздөрү сунуш кылып жатышат. Кыргызстанда 200дөй оор жүк ташуучу унаа бар. Жылына 30 миллион тонна жүк ташылат. Мисалы, 25 тоннадан ташыса, жылына 1,5 миллион тоннадан ашык каттам болот. Ар бир каттамга айдоочулар 500 миң сомдон төлөп беришсе, болжолдуу түрдө 700-800 миллион сом жыйым чогулат. Бул — чоң сумма».

Кыргызстандын жол тармагына жыл сайын 10 миллиард сом керектелет. Министрликке караштуу укуктук эксперт Айдай Солтобаева фондко түшкөн каражат өлкөдөгү жол тейлөө кызматтарына жумшаларын билдирди.

Жыйым оор жүк ташуучу унаалардын көлөмүнө жараша алынат.

«Негизи бул мыйзам боюнча токтом өткөн жылдын декабрь айында кабыл алынган. Оор жүк ташуучу унаалардын көлөмдөрү аныкталган. Биз методикасын иштеп чыкканбыз. Министрлик: «ГЧП формасы менен 1-январдан баштап маалыматтык тутумду киргизгиле», — деген тапшырма берилген. Оор жүк ташуучу унаанын көлөмүнө жараша жыйымдар алынат. Бир километрге 1 сомдон 8 сомго чейин көлөмүнө жараша төлөнөт. Биринчи жылы болгону 30 пайызы гана алынат. Оор жүк ташуучу унаалар жолго көбүрөөк зыян тийгизет. Андан түшкөн каражат жол тейлөөгө жумшалат».

Иш-чаранын жүрүшүндө жүк ташуудан жыйымдарды алуу жана салмагын көзөмөлдөө боюнча маалыматтык системаны ишке ашыруу пландары да талкууланды.

Жол тармагы боюнча адис Талант Садакбаевдин пикиринде, фондду өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керек.

«Кайсы оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жолду көп пайдаланса, ошого жараша жыйым төлөшү керек. Буга чейин да бул маселе бир канча жолу көтөрүлүп келген. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат чогулбай келет. Анткени көзөмөл жок жана керектүү шарттар жетишсиз. Мындан ары шарттар болсо, төлөмдөр да болот. Төлөмдөрдү тактоо керек. Ким көбүрөөк айдаса, төлөшү керек. Жөн эле айдалбай турган унаага төлөнбөшү керек. Айдагандар төлөсүн. Ошону көзөмөл кылуу керек».

Министрликтин маалыматына караганда, эгер фонд түзүлүп калса, жыл сайын 200 чакырым жол капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, асфальт төшөлөт. Ошондой эле бетон жолдорун куруу башталып, айылдар аралык жолдор да оңдолот.

Өлкөдөгү автоунаа жолдорунун узундугу 34 миң чакырымды түзөт. Анын ичинен 18 миң чакырымдан ашыгы жалпы пайдалануудагы жолдор.

Эл аралык маанидегиси 4 миң чакырымдан ашык болсо, республикалык маанидегиси 5 миң чакырымдан ашык жолду түзөт. Андан тышкары жергиликтүү мааниде 9 миң чакырымдан ашык жол бар.

Өлкөдө жалпы 1,5 миллионго жакын унаа катталган.

Copyright © 2017 Maral FM