Connect with us

Алмазбек Бейшеналиев кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 296 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы 30-сентябрда каралып, 2 айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Алмазбек Бейшеналиев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, күнөөсү жок экенин, жакында баары ачыкка чыгарын, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айткан.

Эске салсак, ал чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө пара алган деген негизде кармалган. Бул окуя коомдо катуу талкуу пайда кылган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM