Биз менен байланышыңыз

Германия: Украинадагы согуш бир канча жума же айларга созулушу мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 604 | 0

Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт Лиман шаарынын бошотулушун Украина үчүн «чоң жетишкендик» деп баалады. Мунун натыйжасында Орусиянын армиясы «сезилээрлик даражада алсыздандырылды», — деп кошумчалаган Германиянын коргоо министри.

Ошол эле учурда, Лиман шаарынын кайра алынышы «азырынча бурулуш точкасы» эместигин баса белгилеп, Украинаны колдоону токтотпоо зарылдыгын айткан.

«Тилекке каршы, бул согуш али бир канча жума же айларга созулушу мүмкүн. Биз буга даярдыктарды көрүшүбүз керек», — деген Германиянын коргоо министри Кристин Ламбрехт.

Азыркы тапта Германия Орусиянын Украинанын төрт аймагын аннексиялаганына байланыштуу Берлиндеги орус элчиси Сергей Нечаевди чакырып, нота тапшырган. Ушундай эле көрүнүш Европанын башка өлкөлөрү Бельгия, Улуу Британия, Швеция жана Нидерландияда кайталанган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM