Биз менен байланышыңыз

ЖК комитетинде Антимонополия кызматын жоюп салуу сунушталды

Коом , Экономика | 3 Окт 2022 | 511 | 0

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат комитети күндөлүк керектелүүчү азыктардын бааларын турукташтыруу жаатында көрүлүп жаткан чаралар боюнча тиешелүү органдардын маалыматын укту.

Монополияга каршы көзөмөл агенттигинин орун басары Жаналы Орозбаев билдиргендей, социалдык жактан маанилүү товарлардын нарк салыгы 0%га түшүрүлүп, анын мөөнөтү 2022-жылдын декабрь айына чейин узартылды.

«Эң негизги социалдык жактан маанилүү товарларга, анын ичинен өсүмдүк майы, кумшекер, тоют жана буудайга болгон кошумча нарк салыктары 0%га түшүрүлдү. Ал 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Андан тышкары ундун баасын турукташтуруу максатында ун өндүрүүчүлөр, ташып келүүчүлөр жана ири соода түйүндөрүнүн ортосунда меморандум түзүлүп, ал быйыл 31-августка чейин иштеди. Бизде өкмөттүн атайын токтому менен социалдык жактан өтө керектүү 14 товарга дайыма мониторинг жүргүзүлүп турат. Андан тышкары 64 товардын түрүнө ай сайын мониторинг жүргүзүлүп турат . Ички жана сырткы факторлордун негизинде инфляциянын өсүүсүнө алып келди. Мамлекеттик жөнгө салуунун долбоорун даярдап койдук, эгерде азыр кырдаал курчуй турган болсо, ошол жөнгө салууну киргизебиз. Социалдык жактан маанилүү товарларга жума сайын мониторинг жүргүзүлүп турат».

Эң негизги 9 азыкка: нан, эт, сүт, жашылча-жемиш, жумуртка, өсүмдүк майы, кумшекер кирет. Булардын 50%ы сырттан ташылып келет.

Депутат Султанбай Айжигитов товарлардын баасы бир жылда 20%га көтөрүлбөшү керектигин белгилеп, баалардын ай сайын 20%га көтөрүлүшүн апаат деп атады. Анын айтымында, өкмөт экономиканы турукташтыруу боюнча чукул чараларды көрүшү керек.

«Бир жылдын ичинде 20%дан ашык баалар көтөрүлбөшү керек деген норма киргизүү керек, ошондо гана баалар көзөмөлдөнөт. Бул нормаңарда да коррупция жатат. Экинчиси, ички факторлорду кантип оңдойсуңар? Алты миллион элди ун, май, жана кумшекер менен камсыз кылуу кыйынбы? Булардын баарын жасаса болот го, экономика министри кайсы жакты карап отурат? Силер баарын базар экономикасынын агымына коюп койдуңар. Силер да, өкмөт да иштебейсиңер. Баарың статистика менен алексиңер. Иштөө стилин өзгөртүшүңөр керек. Силер бул жөнүндө ойлонбойсуңар, сунуштарды карагыңар келбейт».

Монополияга каршы көзөмөл агенттиги товардын баасынын өсүшү 20 пайыздан өтсө гана өкмөткө кабар берилип, андан соң буйрук чыгып, аягында бааны көзөмөлдөө Антимонополияга жүктөлүп келген.

Бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова билдирди.

«Баа мыйзамы» жөнүндө мыйзам долбоорун парламентке алып келдик. Товардын баасынын өсүшү 20 пайыздан өтсө гана Антимонополия көзөмөлдөйт деген мыйзам 4-5-жыл мурда баалар туруктуу кезде кабыл алынып калган. Ал эми бааларды туруктуу кармоо боюнча социалдык жактан негизги деп эсептелген 15 товарга кошумча нарк салыгы алып салынган».

Аманкан Кенжебаев кумшекердин коопсуздугу боюнча чаралар көрүлбөй, учурда кызылчаны малга берүү үчүн ортомчулар сатып алып жатышканын, бул боюнча тиешелүү мекемелер иш алып барбаганын сындады.

«Тийиштүү укуктары, көзөмөл функциялары жок болсо, эмнеге мындай кызматты кармап, айлык төлөп жатабыз? Жыйынга келген монополияга каршы кызматтын төрагасынын орун басары кызылча кандай баада сатылып жатканын билбейт экен, 5 сомдон деп жооп берүүдө. Ошондой эле «Кайыңды-Кант» комбинаты качан ишке кирерин билбейт. Кечээ эле дыйкандар жана заводдун жумушчулары менен жолуктум. Азыркы учурда кызылча кабыл алуучу пункттарда кызылчанын баасы 6 сом 3 тыйынды түзөт».

Монополияга каршы көзөмөл агенттигинин төрагасынын орун басары Жаналы Орозбаев азырынча мониторинг жүргүзүү менен гана алек болушарын, көзөмөлдөө функциясы убактылуу алып салынганын айтты.

«Азырынча мониторинг гана кылабыз. Анткени 2019-жылдын 19-декабрында кабыл алынган токтом менен чарба жүргүзүүчү ишкерлерди текшерүүгө мораторий жарыяланган. Ошондуктан азыр бизде көзөмөлдөө функциясы жок».

Ал эми бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Кыял Мукашев ЕАЭБдин алкагында өкмөттүн токтомунда айтылган негизги товарлар 0%дык ченем менен кирип жатканын маалымдады.

«ЕАЭБдин комиссиясынын кеңешинин отурумунда айтылган товарларга 0% ставка коюу боюнча чечим кабыл алынып, ушул жылдын декабрына чейин 105 миң тонна болот деген чечим чыккан. Бажы кызматы бул товарларды белгиленген негизде киргизип жатат».

Талкуу маалында депутаттар кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирип, негизги азык-түлүккө болгон баалардын спекулятивдик өсүшүнө каршы Антимонополия кызматы тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй жатканын сындашты.

Copyright © 2017 Maral FM