Биз менен байланышыңыз

Польша Беларус менен чек арасына тосмо курууну аяктады (фото)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Окт 2022 | 896 | 0

Польша Беларус менен чек арасына тосмо курууну аяктады. Бул тууралуу Польшанын атайын кызматынын координациялоочу министринин басма сөз катчысы Станислав Жарин Твиттерге жазды.

«Польша Беларус менен чек арасына дубал курууну аяктады. Учурда Польшага мыйзамсыз кирүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө Польшанын чек арасы Европадагы эң жакшы корголгон чек болуп саналат» , — деп жазды ал.

Анын айтымында, тосмого электрондук кыймыл датчиктер жана байкоочу камералар орнотулууда. Беларус менен чек ара тилкесинде темир тосмонун бийиктиги 5 м, жалпы узундугу 187 км. Долбоордун жалпы баасы 330 млн еврону түзгөн.

2021-жылы Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген мигранттардын Польшанын чек арасын Беларустан мыйзамсыз кесип өтүү фактылары көбөйгөн. Варшава муну атайын жасалган кризис катары кабыл алып, буга орус бийлигинин да тиешеси бар экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM