Кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн Казакстан арыз жазды. Бул тууралуу Казакстан Межилисинин спикери Ерлан Кошанов Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуусунда айтты.
«Межилис төрагасы Казакстан V Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз тапшырганын, бул демилгени бардык түрк тилдүү коомчулук колдоп берерине ишене турганын айтты», — деп билдирет маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, Казакстандын атынан Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Межилис төрагасы Ерлан Кошанов катышкан.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин «Биримдикти жана салтты сактайбыз, келечекке карайбыз!» деген ураандын алдында өтүүдө.
Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышып жатат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу барган. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Кыргызстанда өткөрүлгөн.