Биз менен байланышыңыз

Путин КМШ өлкөлөрүн чек арадагы абалга дыкат көңүл бурууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 913 | 0

Кечээ, 29-cентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнүн геосаясий оппозициялары бул өлкөлөрдө (КМШ мамлекеттери — ред.) кандуу кыргын уюштурууга даяр экенин эскертти. Бул тууралуу Өзбекстандын Kun.uz басылмасы жазды.

«Биздин геосаясий атаандаштарыбыз өз максаттары үчүн жакында баарын, каалаган адамын же каалаган өлкөсүн тобокелге коюп, аны кризис учагына айландырууга, түстүү революцияны козгоп, кандуу кыргынды баштоого даяр. Биз мындай нерселерге бир канча ирет күбө болгонбуз», — деп билдирүү жасаган Путин КМШнын чалгындоо кызматтарынын жетекчилери менен жыйын учурунда.

Ал КМШ мамлекеттеринин коопсуздугуна коркунуч келтирген жагдайларды жок кылууга чакырып, чек аралардагы абалга көңүл буруу керектигин баса белгилеген.

«Эч күмөнсүз Ооганстан аймагында жайгашкан эл аралык террорчулар чек аралаш өлкөлөр, анын ичинен КМШ мамлекеттери менен байланыштуу кылмыштуу пландарды түзүшү мүмкүн», — деген Путин.

Путиндин айтымында, КМШ мамлекеттеринин чалгын кызматтары азыркы бар болгон жана келип чыгышы мүмкүн болгон коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн мисалы, маалымат алмашуу, кадрларды даярдоо сыяктуу иштерде бири-бирин колдоп-кубатташы зарыл.

Өзбекстандын ЖМКлары Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ мамлекеттеринин чалгындоо кызматынын жетекчилери менен видеоконференция түрүндө жыйын өткөргөнүн жазды. Ага Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Абдусалом Азизов катышканын да кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM