Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө инвестиция тартуу саясаты өзгөрөт

Саясат , Экономика | 29 Сен 2022 | 1037 | 0

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жаңы дайындалган жетекчиси Умбриэл Темиралиев маалымат жыйын өткөрүп, алдыга койгон максаттарын айтып берди. Жакынкы убакта өлкөгө инвестор тартууну, экспортту көбөйтүүнү жана ишкерлерге колдоо көрсөтүп, мамилени жакшыртууну убада кылды.  

Бүгүнкү жыйындын кириш сөзү адаттагыдай статистикалык маалыматтар, аткарылган иштердин отчёту менен эмес, дүйнөдөгү кырдаалдын Кыргызстанга тийгизип жаткан таасирине токтолуу менен башталды.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Умбриэл Темиралиев учурда дүйнө жүзү COVID-19 пандемиясы, андан кийинки Украинадагы окуялардан улам оор кырдаалды баштан өткөрүп жатканын эске салды.

Ал белгилегендей, көп өлкөлөрдө инфляция жүрүп жатат. Буга чейин тышкы карыздын, экспорттун жана мигранттардын которууларынын эсебинен өлкөгө долларлар келип турган. Эми саясий окуялардын кесепетинен акча которуулар кыскарышы мүмкүн.

Учурда экспорттоочулар өлкөлөрдү байланыштырган логистикалык чынжырдын үзүлгөнүнөн жана инфляциянын кесепетинен бир катар кыйынчылыктарга дуушар болууда. Тактап айтканда, мамлекеттер аралык соода токтоп, бул тамак-аш коопсуздугун жаратууда.

Ал кошумчалагандай, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү үчүн экспортту алдыга жылдыруу керек.

«Коңшу өлкөлөр биздин товарларды өткөрбөй, айрым учурларда өздөрүнүн товарларын сатпай койгон учурлар бар. Биз экспортту алдыга жылдыруубуз абзел, бул үчүн инвестициялар келиши керек. Көпчүлүк инвестиция дегенди ири фонддордун келиши катары түшүнөт. Бирок алар үч түргө бөлүнөрүн билиши керек: ири банктар жана фонддор тарабынан сунушталган институционалдык инвесторлор; өлкөгө турист катары келип, бул жерде бизнес ачууну чечкен ишкерлер; ошондой эле түз кызматташууну каалаган мамлекеттер».

Темиралиев чет өлкөлүк түз инвестицияны тартуу үчүн аларга зарыл болгон шарттарды түзүп, ресурстарды даярдап берүү керектигин белгиледи. Бул үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте иш алып баруу зарыл.

Кийинки кадам — чакан жана орто ишканаларды колдоп, аларга багыт берип, керектүү узак мөөнөттүү капитал издөө. Кыргызстандын жашылча-жемиштери атаандаштыкка күч кошуп жаткан фактор болуп саналат. Себеби алар химикатсыз өскөндүктөн чоң суроо-талапка ээ. Бирок аларды дүйнөлүк рынокко чыгарууга мүмкүнчүлүк жетпей жатат.

«Бул жапайы өскөн алма, өрүк, кайналы болушу мүмкүн. Мөмөлөрдү жууп, кургатып, дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн бизге жабдуулар жетишпей жатат. Анткени аларды үй шартында кургатуу эл аралык стандарттарга туура келбейт. Биздин максат чакан жана орто ишканаларга багыт жана консультация берип, керектүү жабдууларын сатып берип, же сатып алганга инвестор таап берип, ошону менен эле чектелип калбай, аларды керектүү рынокторго чыгаруу болуп саналат. Бул Араб өлкөлөрү, Корея, Европа өлкөлөрү, Америка жана Канада болушу мүмкүн».

Мындан тышкары өлкөдөгү гидроэлектростанциялар маанилүү экенин, бирок мөңгүлөр эрип жаткандыктан Күн энергиясына муктаждык барын айтты.

Ал буга Өзбекстанда курулуп жаткан Күн станцияларын мисал келтирип, алдыда электромобилдерге өтүү пландалганын кошумчалады.

«Өзбекстан 100 мВт кубаттуулуктагы Күн станциясын куруудан баштаган. Азыр болсо 1 млрд мВт кубаттуулуктагы электр станциясын куруп жатышат. Ошондой эле чыгармачыл экономикага инвестиция салуу жана программисттерге колдоо көрсөтүү пландары бар. Мындан сырткары бара-бара электромобилдерге көчүрүүнү пландап жатабыз. Мындай чечим отун коопсуздугун чыңдоого өбөлгө түзөт, анткени бүгүнкү күндө Кыргызстан күйүүчү-майлоочу материалдарды чет өлкөлөрдөн импорттоп жатат».

Жыл башынан бери агенттик жалпысынан 35 иш-чара өткөргөн. Анын 25и инвестицияларды тартууга, 10у экспортту көбөйтүүгө багытталган.

Ошондой эле жыл башынан бери токтоп турган Кара-Балта килем комбинатын ишке киргизүү үчүн 25 миллион доллар тартылган. Бул ишкананын негизинде текстиль кластерин жана 800-1000 жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Мындан сырткары мамлекет «Терек-Таш» цемент заводун куруу долбооруна катышып жатат. Анын инвестициялык көлөмү 150 миллион долларды түзөт.

Умбриэл Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп 26-сентябрда дайындалды. Ага чейин аталган кызматты Равшан Сабиров ээлеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM