3-октябрдан 7-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Таш кулатуу иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Ал учурда жол жарым-жартылай тосулат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеге гана багытталат.
30-40тан ашык унаа топтолуп калса, таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Бул аракет Боом капчыгайында унаа жолго таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлөт.