Биз менен байланышыңыз

Орусия Ооганстанга мунайзаттарын сатуу үчүн «Талибан» кыймылы менен келишим түздү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 3911 | 0

Орусия «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзүп, Ооганстанга бензин, дизель жана жаратылыш газын жеткирүү боюнча алгачкы келишимин ишке ашырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ооганстандын соода жана өнөр-жай министри Нуруддин Азизийге шилтеме берип билдирди.

Анын айтымында, орусиялыктар Ооганстанга бир топ жеңилдиктерди сунуштаган. Орусия жылына 1 млн тонна күйүүчү май, 1 млн тонна дизель, 500 миң тонна суюлтулган газ жеткирип берип турат.

Азизий келишимде сыноо мөөнөтү каралганын билдирди. Эгер сыноо мөөнөтү эч кандай көйгөйсүз өтсө анда узак мөөнөттүү келишим түзүлөт.

«Талибан» кыймылы 2021-жылы бийликке келгенден берки алгачкы жолу Орусия менен эл аралык экономикалык келишимди түзүп жатат. Азыркы күндө дүйнөнүн эч кайсы өлкөсү «Талибанды» Ооганстандын мыйзамдуу өкмөтү деп тааный элек. Анын ичинде Орусия да бар. Бирок 2021-жылдын сентябрында «Талибан» кыймылы Москвага иш сапар менен келип, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM