Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Бейшеналиевдин кармалышы ар тараптуу иликтенет

Кыска кабар | 29 Сен 2022 | 843 | 0

«Президент Садыр Жапаровго билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышы тууралуу маалымат берилди. Бул иш боюнча ар тараптуу иликтөө камсыздалат», — деп билдирди президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев.

28-сентбярда Ички иштер министрлиги билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалганын кабарлады.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000$ АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалымат берилери айтылды.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри болуп 2022-жылы февралда дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM