Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Батирлердин ижара акысы кескин өстү

Коом , Экономика | 28 Сен 2022 | 1765 | 0

Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан бери чет өлкөгө чыгып кеткен орусиялыктардын саны арбыды. Анын ичинде Кыргызстанга да келишүүдө. Бул агым Бишкек шаарындагы мейманканалардын жык толушуна, батирлерде ижара акынын кымбатташына алып келди. Нааразы болгон жергиликтүү жашоочуларды батир ээлери сүрүп чыгарып, ордуна орусиялыктарды кийирип койгон учурлар каттала баштады. Бул көрүнүш бир гана борбордо эмес, аймактарда да байкалууда.

Батирден чыгууга мажбур болгон жергиликтүү элдин көйгөйү кандай чечилет? Акы төлөп жашоочуларды күчтөп чыгарууга батир ээлеринин укугу барбы? 

Жээнбек Тыныбеков үй-бүлөсү менен Бишкектеги кабат үйлөрдүн биринен эки бөлмөлүү батир ижарага алып жашачу. Буга чейин айына 23 миң сом төлөп келген. Жакында эле кожоюну батир акыны 100 долларга көтөрүп, Жээнбек үй-бүлөсү менен батирден чыгып кетүүгө мажбур болду.

«Мен, аялым жана 3 балам болуп, «Аламүдүн» базары жактагы эки бөлмөлүү батирде бир жарым жылдан бери жашап жатканбыз. Төрт күн мурун батирдин ээси ижара акысын 100 долларга көтөрүп салды. Буга чейин 23 сом миң төлөчүбүз. «Эгер макул болбосоңор чыгып кеткиле» деди. Азыр Новопокровкада туугандардын үйүндө жашап жатабыз. Кечээ көчүп чыктык. Биз ал сумманы бере албайбыз. Аялым иштебейт. Азыр кафеде кароолчу болуп иштейм. Учурда жаңы батир издеп жатабыз. Жер үй болсо да чыгабыз».

Студент Айжамал Сеитова да эжелери менен борбордогу батирлердин бирин ижарага алып жашайт. Ижара акысына 10 миң сом кошулуп жатат. Үй ээси төлөөгө мүмкүнчүлүк болбосо, бир жуманын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылууда.

«Мен өзүм 4-курста окуйм. Эки эжем менен жашайм. Эки жылдан бери ушул бир бөлмөлүү батирде жашап келгенбиз. 15 миң сом төлөчүбүз. Коммуналдык кызматтарды өзүнчө төлөйбүз. Айында 16-17 миң сомдун тегерегинде чыкчу. Азыр кескин түрдө 25 миңге көтөрүп салды. «Эгер төлөй албасаңар чыгып кеткиле» деп, бир эле жума убакыт берди. Биз эч кандай келишими жок эле жашап жатканбыз. Эч жакка деле кайрыла албайбыз. Азыркы учурда батир издеп жатабыз. Баалары өтө эле кымбат болууда. Такыр адамгерчиликке жатпаган мамиле болду».

Кыргызстанда ижара батирде жашагандардын көбү үй ээси менен жазуу жүзүндө келишим түзбөйт. Ушул жагдайдан улам кыйынчылыкка учурагандар өтө көп.

Адвокат Бексултан Осмоновдун айтымында, үй ээси менен ижарага алган адам ич ара чечише албаса, анда сот аркылуу чечилиши керек. Эки жактын кагаз түрүндө келишими болбосо да, үй ээсинин жашоочуну күчтөп чыгарууга укугу жок.

«Кыргызстандын мыйзамында көрсөтүлгөндөй, ижара келишимдери кагаз түрүндө болушу керек. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн Жогорку Кеңеш Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизиши керек. Жарандык кодексте ижаранын баары кагаз түрүндөгү келишим аркылуу түзүлөт. Ал эми Орусия мамлекетинин мыйзамы боюнча оозеки түрдө келишим түзүүгө мүмкүн. Биздин мыйзамда оозеки келишим көрсөтүлбөгөндүктөн, көп адамдар көчөдө калышат. Экинчиден, эгер батир ээси коркута турган болсо, Салык кызматына арыз жазам деш керек. Чыгарып салган учурда деле, жашоочу канча убакыттан бери салыктарды төлөгөнүн далилдесе болот. Эгер үй ээси түшүнүп, башка көйгөй жаратпаса, сүйлөшүлгөн баада калтырышы керек. Үйдүн ээси келишимди түзбөй акчасын алып жүрсө, анда салык да төлөбөй жүргөн болот. Муну жашоочу контраргумент катары колдонсо болот. Мыйзам боюнча ижара келишимдери кагаз түрүндө болушу керек. Үйбү же имаратпы кагаз түрүндө келишими болушу керек. Чыгарып салуу боюнча соттун чечими керек. Келишими жок болгон күндө да келип, колунан сүйрөп чыгарууга укугу жок. Бул жерде «көчүрүү» деген соттун чечими керек. Аны сот карап, териштирип чыгат. Эмне себептен ал адамдын чыкпайм деп жатканы каралат. Эгер келишим жок болсо, сот аны атайын чечим менен чыгарышы керек».

Кыргызстанда Telegram тиркемеси аркылуу бир топ аккаунт ачылганын көрүүгө болот. Ал жакта Орусиядан келген жарандардын муктаждыктарын камсыздоо үчүн ишкерлер, үй ээлери сунуштарын жарнамалап жатышат. Мындай каналдарга катталган орусиялыктар Бишкектеги батирлерди беш-он күн мурун ээлеп алышууда.

Батир акынын кескин жогорулап кетиши боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов да кайрылуу жасаган. Ал батир акы көтөрүлгөндөн улам көчүүгө аргасыз болгондорду Салык кызматына кайрылууга чакырды.

Мыйзам боюнча батир кожоюндарынын баары салык төлөшү керек.

«Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин көптөгөн орусиялыктар биздин өлкөгө келип жатышат. Мунун айынан батирлерди ижарага алып жашап жаткан кыргыз жарандары кыйналып жатат. Мен бул маселени эртең да көтөрөм. Батир ээлеринин бул мамилеси туура эмес. Канча сомдон ижарага берип жатсаң, ошол сумманы калтыр. Батирлерден аргасыз көчүп кетишкен жарандарга сунушум бар. Салык кызматына арыз менен кайрылгыла».

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын жарыялады.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу мобилизациянын алкагында 300 миңдей адам аскерге тартыларын айтты.

Министр армияга негизинен запастагылар жана аскерде кызмат өтөгөндөр чакырылып, кошумча даярдыктан өткөрүлөрүн билдирген. Орусияда бул аракетке нааразылык күчөп, өлкөдөн чыгып кеткендер көбөйүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM