Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө камсыздандыруу ишканаларынын кирешеси көбөйдү

Коом , Экономика | 27 Сен 2022 | 582 | 0

Өлкөдө жыл башынан тарта камсыздандыруу компанияларынын кирешеси мурдагы жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 23%га көбөйүп, 1,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Быйылкы жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу ишканалары тарабынан 130 миңге жакын келишим түзүлдү. Учурда мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу ишканаларына кайрылгандар, анын ичинде аймактарда да мүлкүн камсыздандыргандар көбөйүп жатат.

Өлкөдө мамлекеттик жана жеке менчик камсыздандыруу компаниялары иш алып барат. Бүгүнкү күндө алардын саны 14тү түзөт.

Экономисттер буга чейин эле элге мүлктөрдү камсыздандыруу керектигин түшүндүрүп келишкен.

Бишкек шаарында жайгашкан жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын директору Эрнис Абдыкеев ишкананын эсеби боюнча быйыл камсыздандыруудан түшкөн каражат мурдагы жылга салыштырмалуу 28 пайызга көбөйгөнүн билдирди. Аларга көбүнчө шаар тургундары кайрылышат.

«Бизге көбүнчө камсыздандыруу боюнча борбор шаардын, мындан сырткары чакан шаарлардын жарандары кайрылышат. 2021-жылдын жана 2022-жылдын алты айлыгын салыштырганда камсыздандырууга түшкөн каражаттын суммасы 28 пайызга көбөйдү. Быйыл камсыздандырууга келишим түзгөн адамдардын саны өсүүдө. Кайрылгандардын 60-70 пайызы мал-мүлкүн, турак жайын, ишканаларын камсыздашат. Бул — жакшы көрүнүш. Элдин аң-сезими жогорулап, камсыздандырууну түшүнүп келе жатышат. Биздин ишкананын дагы бир долбоору иштелип жатат. Анын максаты: айылдагы үй жаныбарларын жана өсүмдүктөрдү камсыздандыруу. Учурда айылдарда ушул долбоор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз».

Буга чейин аймактарда турак жайын, мал-мүлкүн, унаасын камсыздандырган тургундардын саны аз болчу. Ал эми учурда шаардагы жарандарга салыштырмалуу айыл тургундарынын ичинде мүлкүн камсыздандыргандар көбөйүп жатат.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун камсыздандырууну өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бурул Калматова 1-сентябрга карата 85 миңге жакын келишим түзүлгөнүн билдирди.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна көбүнчө Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги айылдардын тургундары кайрылып жатышат.

«Ушул жылдын 1-сентябрына карата 84 миң 786 келишим түзүлдү. Быйыл камсыздандыргандардын саны көбөйүп жатат. Учурда көбүнчө айылдардын тургундары камсыздандырып жатышат. Эл камсыздандыруу эмне экенин түшүнүп, маалыматы пайда боло баштады. 2016-жылы камсыздандыруу башталган. Камсыздандыруу агенттиктери жеринде иш алып барууда. Камсыздандыруу башталгандан тарта 737 адамга 65 миллиондон ашык каражат төлөнүп берилди. Учурда мектептер, маданият үйлөрү, айыл өкмөттөрдү үйлөрүн ыктыярдуу түрдө камсыздандырып жатышат».

Ал эми экономист Төлөнбек Абдыров камсыздандырууну өлкө боюнча жайылтуу керек деп эсептейт. Өлкөдөгү экономиканын жогорулашына кошкон салымы чоң болорун белгиледи.

Ошондой эле ал камсыздандырууну жеке жактарга эмес, мамлекеттик ишканаларга тапшырууда кепилдик көбүрөөк экенин айтат.

«Негизи үй, турак жай, адамдын жашоосун, унааларын камсыздандыруу процесстерин жүргүзүү керек. Анткени ар кандай кырсыктар болуп жатат. Анын ичинде табигый кырсыктар да көп болууда. Камсыздандыруу компаниялардын аз болушу же иштебей жатышы маалыматтын элге жетпей жатканына себеп болууда. Өнүккөн өлкөлөрдө бул система толук кандуу иштейт. Бул экономикага да чоң таасирин тийгизип, алдыга тартат. Бизде киреше булагы, маяна аз болгондуктан да жарандардын баары камсыздандырбай жатышат. Биздин шартта мамлекеттик камсыздандыруу ишканаларына катталуу көбүрөөк. Анткени мамлекеттик ишкана жоюлуп кетпейт. Сөзсүз мойнуна жүктөлгөн жоопкерчилигин алат. Ал эми жеке менчик ишканалар банкрот болуп эле жок болуп кетүүдө».

Ушул жылдын 1-июлуна карата камсыздандыруу компаниялары тарабынан 127,5 миң камсыздандыруу келишимдери түзүлдү.

Анын ичинде 86%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлдү. Ал эми 65%дан ашыгы ыктыярдуу камсыздандыруулар.

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы 809 млрд сомго жетти. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29%га көп.

Copyright © 2017 Maral FM