Биз менен байланышыңыз

Дагестандагы нааразычылык акциялары бүгүн да уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 1423 | 0

Орусиянын курамындагы Дагестанда кечээ, 26-сентябрда өлкөдөгү мобилизацияга каршы нааразычылык акциялары башталган. Ал бүгүн да уланууда.

ЖМКдагы маалыматтарга караганда эң чоң масштабдагы акциялар Дагестандын борбору Махачкала жана Хасавюрт шаарларында болду.

«Кавказ.Реалии» басылмасы Махачкалада миңдеген адамдар көчөгө чыкканын жазды. Ал арада акциянын катышуучулары менен милиция ортосунда кагылышуу болуп, 70тен ашык жаран кармалган.

Жалпысынан Дагестандагы нааразычылык акцияларында 150дөн ашык жаран кармалган. Алардын арасында аялдар да бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM