Биз менен байланышыңыз

Ижевск: Мектептеги кол салууда каза болгондордун саны 17ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 1078 | 0

Орусия Федерациясынын курамындагы Удмуртия мамлекетинин Ижевск шаарындагы №88 мектептеги ок атуунун курмандыктары 17 адамга жетти, анын көпчүлүгү окуучулар.

Андан тышкары 21 адам, анын ичинде 14 окуучу октон жараат алган. Алардын көпчүлүгү башталгыч класстын окуучулары.

Милиция мектепке куралдуу кол салган жаран Артем Казанцев экенин жарыялады. Ал аталган мектептин бүтүрүүчүсү болгон. Маалыматта Артем Казанцев психикалык диспансердин тизмесинде турган, ал шизофрениядан жабыркаганы да айтылууда. Милиция мектепке ок чыгарган адам өзүн-өзү өлтүргөнүн билдирди.

Кечээ, 26-сентябрда эртең менен куралдуу адам Ижевскидеги мектептердин бириндеги окуучуларга кол салганы кабарланган. Күбөлөрдүн айтымында, кара костюмчан адам мектепке кирип барып, эки кароолчуну атып, андан кийин окуучуларга, мугалимдерге ок чыгарган.

Удмуртия бийлиги бул кандуу окуяга байланыштуу жалпы өлкөгө үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM