Connect with us

Орусиядагы мобилизация Кыргызстанга кандай таасир этет?

Экономика | 26 Сен 2022 | 1339 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин мобилизация жарыялагандан бери миңдеген жаран коңшу өлкөлөргө чыгып кете баштады. Ал ортодо мобилизацияга каршы нааразычылыктар күчөп, Орусиянын бир нече шаарларында акциялар өттү. Митингге чыккан миңдеген адамды полиция кызматкерлери кармап, күч менен таратып жатканы айтылды. Эксперттер орус бийлигинин соңку кадамы аскерий жактан дымактуу болгону менен, араң турган экономикасына доо кетиши мүмкүн экенин божомолдошот. Бул абал Кыргызстандын экономикасына кандай таасир этет? 

Орусия президенти жарым-жартылай мобилизация жарыялагандан бери Казакстан жана Кыргызстандын ири шаарларындагы мейманканаларда орун калбай, батирлердин ижара акысы кескин жогорулады. Бул көрүнүшкө эксперттер ар түрдүү баа берип жатышат.

Экономика боюнча эксперт Кубан Чороевдин айтуусуна караганда, Орусияда болуп жаткан мобилизациянын биздин экономикабызга олуттуу залакасы тийбейт, ал эми баш калкалап келип жаткан орусиялыктарды узак мөөнөттүү турист катары кабыл алууга болот.

«Биз буларды өзгөчө туристтер деп айтсак болот. Адатта туризмде коноктор бир же эки жумага келсе, булар кеминде эки-үч ай, мүмкүн бир жылга келишти. Азыр буларга эң биринчиден ижарага батир же мейманканалардан орун керек. Ошондуктан азыр бул сектордо талап жогору болуп, баасы да өсүп жатат. Экинчиден болсо, тамак-аш сектору, кафе-ресторандарга талап бир аз күчөшү күтүлөт. Жалпысынан алганда бул жагдай экономикабызга терс таасирин тийгизет дегенден алысмын, тескерисинче, аз да болсо сырттан валюта кирет».

Чороев бирок бул чечим Орусиянын ички экономикасына бир топ терс таасирин тийгизет деп эсептейт. Ага жүйө катары аскерге чакырылып жаткан жарандардын көпчүлүгү коомдун ишке жарамдуу бөлүгү экенин белгиледи.

«Орусиянын экономикасына чоң эле сокку болот. Анткени 25-35 жаш курактагы жарандар аскерге тартылып, же андан качкандар да ошол эле курактагы ишке жарамдуу бөлүгү болуп жатат».

Анткени менен бул көрүнүштөрдүн кыргыз экономикасына да көбүрөөк таасир этери күтүлөт. Себеби батыш өлкөлөрү Орусиянын куралдуу согушуна жооп катары экономикалык каршылык көрсөтүп, катар-катар киргизген санкциялардын таасири биздин экономикабызга да сокку болот. Мындай пикирин серепчи Нурбек Муктар билдирди.

«Мобилизация – бул болуп жаткан окуялардын курчушу. Мунун артында дагы санкциялар даярдалып жатат. Азыр гибриддик согуш, Орусиянын экономикасын чөгөлөтүү, аны талкалоо аракеттери катуу жүрүп жатат. Буга чейин Орусияга каршы 6000ден ашык санкция кирди, бул тарыхтагы эң көп санкцияланган мамлекеттердин бири болуп калат. Эми мындан ары дагы кандай санкциялар кирет, экономикалык сектор ошого жараша сокку жеп, андан биздин экономикага залакасы тиет. Ошол эле биздин мигранттардын акча которуулары токтоп калышы мүмкүн, Орусия өзүнөн чыккан товарлардын баасын көтөрүп, кымбатчылык болушу да ыктымал».

Ал эми Орусияда ишкерлик кылган Азамат Адылгазиев кыргыз жарандыгы бар мигранттар үчүн бул мүмкүнчүлүк экенин айтып, өлкөдө тажрыйбалуу кадрларга муктаждык пайда болорун, чыгып кеткен орус жарандарынын ордун мигранттар толтурарын жазды.

Ал арада Европа Биримдиги Владимир Путиндин 21-сентябрдагы кайрылуусунан кийин согуш башталгандан берки жетинчи санкциялар топтомун салышы ыктымал экенин кабарлады. Ал 6-7-октябрда Прагада боло турган Биримдикке кирген 27 өлкөнүн саммитине карата даярдалат.

Орусиядагы мобилизацияга өлкө боюнча каршылыктардын алкагында, ар кайсы аймактардагы аскер комиссариаттары жана айрым жерлерде административдик имараттар жергиликтүү тургундар тарабынан өрттөлүп, бүгүн Иркутск облусунда аскер комиссариатына жергиликтүү тургун ок чыгарып,  оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн орусиялык маалымат каражаттары жазышты.

Ал эми Федералдык коопсуздук кызматы аскерге милдеттүү жарандардын өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салып, Мамлекеттик Дума милдетинен качкандардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам кабыл алды.

Copyright © 2017 Maral FM